• 87
  • 90.41
  • 0.84

Базар-Коргондо кылмыштуулуктун алдын алуу максатында "Укук, тартип" аталышындагы рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун жана жоруктардын алдын алуу максатында "Укук, тартип" аталышындагы 2 күндүк профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында паспорттук эреже боюнча 167 кожолуктан турган 835 жаран текшерилди. Рейд учурунда ар түрдүү укук, тартип бузуулар аныкталып, 63 адамга административдик протоколдор түзүлдү.

Аталган райондун жана Сузак РИИБинин милициянын участкалык инспекторлору тарабынан өздөрү тейлеген аймактарындагы профилактикалык каттоодо турган адамдар текшерүүгө алынып, жаш өспүрүмдөр арасындагы ар кандай жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, Базар-Коргон РИИБинин жетекчилиги жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан ата-энеси автокырсыктан каза болгон 7 бир тууганга материалдык колдоо көрсөтүлдү. Милиция кызматкерлери Арстанбап айыл аймагында жашаган бир туугандарга онлайн окууларга катышууга керектелүүчү сыналгы, чөнтөк телефон, азык-түлүк жана шириндиктерди тапшырышты.

Ошондой эле район аймагында жашаган жарым жетим, тоголок жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү өспүрүмдөргө окуу куралдары жардам иретинде берилди.

Пикир

Оставить комментарий