Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында Салык кызматынын Базар-Коргон райондук башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп саналган О.С.А. аттуу жаран кармалды.
Тактап айтканда, О.С.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара алуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын жоктугу/бар болгондугу жөнүндө маалымкат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде акча каражаттарын алгандыгы аныкталган.
Сот органдарынын уруксаты менен О.С.А.нын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылып, 2025-жылдын 9-январында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешелүү башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
Эске салсак, 2024-жылдын 31-декабрында президент Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган. Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик, муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн Жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган.
Пикир
Оставить комментарий