• 87
  • 90.63
  • 0.79

Базар-Коргондо Жазаларды аткаруу кызматынын аскер шаарчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында Жазаларды аткаруу кызматынын аскер шаарчасынын ачылышы болду.

Ведомстводон билдиришкендей, аскер шаарчасында №10 түзөтүү мекемеси, ошондой эле Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын №5 кайтаруу батальону жайгашкан. Ага жалпы 13 гектар жер аянты каралып, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланды. Жаңы батальон Жалал-Абад шаарынан 38 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Имараттардын ачылыш аземине юстиция министри Аяз Баетов, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев, Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын төрагасы Адилет Жанузаков жана президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Текебаев Тилек катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор жаңы ачылган аскер шаарчасынын жаңы имараттары, андагы аскер кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Белгилей кетсек, мекеме буга чейин Жалал-Абад шаарында жайгашкан. Өлкө жетекчилиги мындан эки жыл мурун имаратты шаардан сыртка чыгаруу чечимин кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий