• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

ОшМУ Ош шаарынын тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Ош шаарынын Алымбек датка эс алуу жайында 20-март күнү шаар тургундары жана меймандары үчүн Ош мамлекеттик университетинин Нооруз майрамына арналган кечеси тартууланды. Бул тууралуу аталган ЖОЖдун басма сөз кызматы билдирди.

Майрамга келген шаар тургундарына ОшМУнун Таланттар академиясынын концерттик прогаммасы тартууланып, улуттук спорттук оюндар ордо, күрөш, аркан тартыш сыяктуу мелдештер уюштурулду.

Майрамда ОшМУнун жамаатынан Кыргыз-Кытай, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттери, Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борбору тарабынан Алымбек датка эс алуу жайында боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар бышырылып, нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылып, жалпы калың журттун атынан ак тилектер айтылды.

Кечеге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков, шаар тургундары, жаштар жана университеттин жамааты катышышты. Ж.Ормонов майрамык аземдин катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктап, ОшМУнун чыгармачылык тобуна Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, жамааттын ынтымагын, биримдигин көрсөтүп Нооруз майрамын тосуп алууда жогорку уюшкандыкты көрсөтүп жаткан жамааттын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдирген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков шаар тургундарын, ОшМУнун жамааттын нооруз майрамы менен куттуктап, жаңырган жыл ийгиликтерге бай, жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун деген тилегин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий