• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Базарбаев: Эми эмгек келишими электрондук документ түрүндө болот

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Эми эмгек келишими электрондук документ түрүндө болуп, санариптик кол тамга менен тастыкталат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев майыптыгы бар адамдар үчүн уюштурулган "Санариптик эмгек рыногу, жаңы санариптик кесиптер жана жаңы тренддер" форумунда билдирди.

Министрдин айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан жарандардын ар кандай категориялары үчүн иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тапшырмасы Эмгек министрлигинин артыкчылыктуу милдети болуп саналат.

"Бул багыттагы маанилүү кадам Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү болду. Эми эмгек келишими кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда электрондук санариптик кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түрүндө түзүлүлөт. Бул аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет", - деди ал.

Мындан тышкары, министр жаңы кодекске ылайык, аралыктан иштеген жарандарга жумуш убактысынын жана эс алуусунун узактыгы, эс алуу күндөрүнүн, кепилдиктердин жана компенсациялардын жалпы нормалары колдонуларын белгилеп, ошондой эле кошумча социалдык кепилдиктерди берерин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий