• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Лейлек районунун жергиликтүү бюджетинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Эсептөө палатасы Лейлек районунун жергиликтүү бюджетинде 4 млн 790,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Жалпы каржылык бузуулардын ичинен: товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 13,4 миң сом, каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы – 4 млн 445 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр – 470,4 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарын, жоопкерчилике берилген каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруулар – 141,4 миң сом (андан сапар чыгымдарын ашыкча төлөөлөр 27,5 миң сом);
  • курулуш иштерине кошуп жазуулар –1819,8 миң сом;
  • максатсыз чыгымдар – 120,4 миң сом;
  • дебитордук карыздарды эсептен жашыруу жана кредитордук карыздарды эсепте ашыкча көрсөтүү – 1893,0 миң сом;
  • бюджетке кошумча эсептөөлөр – 243,5 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кошумча эсептөөлөр – 88,4 миң сом.
  • Жалпы аныкталган – 4790,3 мин сом каржылык бузуулардын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгону – 4344,0 миң сом, аудиттин жүрүшүндө – 1657,1 миң сом ордуна коюлду. Ал эми ордуна коюлбаган сумма – 2686,9 миң сомду түзөт.

Андан сырткары – 340,9 миң сомго бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор – 29,7 миң сом;
  • ижара акы боюнча дебитордук карыздарды пландан азайтуу – 135,4 миң сом;
  • башка резервдер жана жоготуулар – 175,5 (эл.эн.штраф, КБФ жерлерин ижарага акылары, ж.б.).

Лейлек районунун Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү – 618,0 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, Разаков шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик Департаментиндеги – 957,9 миң сомдук ижара боюнча өндүрүлбөгөн дебитордук карыздар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн, укук коргоо органдарына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий