• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

16-августта Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Даректер

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Эртең, 16-августта Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месароша көчөсү, Фучик көчөсү, Д. Сяопин проспектиси, Профсоюз көчөлөрү менен чектелген аймакта суу болбойт.

Ичүүчү сууну өчүрүү абоненттерди Тверская көчөсүндөгү жаңы суу түтүгүнө кайра туташтырууга жана диаметри 150 мм болгон басым бурама тээгин орнотууга байланыштуу.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий