• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Панкратион федерациясынын ишмердүүлүгү жанданууда

Спорт 0


Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда Панкратион федерациясынын ишмердүүлүгү жаңы курамда жанданууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Панкратион федерациясынын мурдагы президенти Эдил Молдалиев билдирди.

Эми өлкөдө спорттун бул түрүн өнүктүрүү менен КР Панкратион федерациясынын президенти Кайбылда уулу Өмүрбек, вице-президенти Райымбек Токомбаев жана башкы машыктыруучу Байыш Ашымов алектенмекчи.

КР Панкратион федерациясынын мурдагы президенти Эдил Молдалиев билдиргендей, уюм 1996-жылы түптөлүп, 2009-жылдан бери ишмердүүлүгү токтотулганын, быйыл жаңы курам аны кайра улантуу чечимин кабыл алды.

“Федерациянын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө 20га жакын эл аралык сынактар ​​өткөрүлдү. Санжар Кадыралиев, Акыл Кемелов өңдүү спортчуларды тарбияладык. Эми федерация мындан ары өнүксүн деп жаңы муунга өткөрүп берип жатабыз», - деди Эдил Молдалиев.

Башкы машыктыруучу Байыш Ашымов белгилегендей, 2023-жылдын октябрынан декабрына чейин 14 спортчунун катышуусунда турнир өткөрүү пландалууда.

“Бул Кыргызстан менен Азиянын ортосундагы турнири болот. Ошондой эле ышкыбоздордун арасында дагы мелдештер өткөрүлөт. Биз Кыргызстандын булуң-бурчунан эң күчтүү мушкерлер лигасын чогултууну көздөп жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий