• 86.5
  • 91.43
  • 0.87

Базарбеков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сот төрагаларынын жыйынына катышууда

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Кечээ, 10-мартта Индиянын Нью-Дели шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVIII отуруму өз ишин баштады.

КР Жогорку сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумга Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жетектеген делегация катышууда.

Кыргызстандын жогорку сот органынын башчысы аталган уюмга мүчө-мамлекеттердеги кесиптештер, байкоочулар, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын жана ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн өкүлдөрү менен биргелешкен интерактивдүү жыйында сөз сүйлөдү.

Биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары өлкөнүн сот тутумдары туш болгон улуттук сот системасынын көйгөйлөрү жана COVID-19 пандемиясынын учурунда ШКУга мүчө-мамлекеттер тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу сөз кылышты.

Кеңешменин алкагында КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Индиянын Жогорку сотунун төрагасы Дхананджай Чандрачуд менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, тараптардын кызматташуусун өнүктүрүү жана сот системасын жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Ал эми Ирандын сот бийлигинин башчысынын биринчи орун басары Мохаммад Кахнамой менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты тереңдетүүнүн, анын ичинде терроризм жана экстремизмге каршы күрөштүн маанилүүлүгү боюнча ниеттерин ырасташты.

Кытайдын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Цзинхун Гао менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн сот тутумун санариптештирүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий