• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бажы кызматы июль айында төлөмдөрдү 1,1 млрд сомго ашык чогултту

Экономика 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын июль айында республикалык бюджетке иш жүзүндө 10,2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды.

Ведомстводон билдиришкендей, ошентип Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 111,7%га аткарылды, же 1,1 млрд сомго ашыкча жыйналды.

Белгиленгендей, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажылык түшүүлөр 4,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 182,6 %ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий