Экономика министрлиги: Чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 393,7 млн долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 393, 7 млн. АКШ долларын түзгөн. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59,4 %га көбөйгөн жана 393,7 млн. долларды түздү. Ошол эле учурда, түшүү деңгээли 120,7 млн. долларды түздү, - деп билдирет КР экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Жыл башынан бери өлкөгө келген инвестиция көлөмүнүн 75,7 пайызы Кыргызстандын аймактарына келип түшкөн. Былтыркыжылдын ушул мезгилине салыштымалуу аймактарга болгон инвестициялардын үлүшү 23,5% га өскөн.

"Өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырганда түз чет өлкөлүк инвестициялардын структурасында резидент эместерден тартылган кредиттердин жана реинвестицияланган пайданын көлөмүнүн көбөйүүсү белгиленген. Жалпысынан алганда бул көрсөткүч өлкөнүн экономикасына кайрадан тартылган, ошондой эле иштеп жаткан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасында инвестициялык климаттын жагымдуулугун жогорулатууну мүнөздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Тартылган инвестициялардын структурасына карата, түз чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү мурдагы мезгилдегидей эле (98 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого (44,6 %), иштетүү өндүрүшүнө (27,1 %), пайдалуу кендерди казууга (9,9 %), маалымат жана байланыш тармактарына (5,6 %), дүң жана чекене соодага (5,3 %), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө (5,3%) багытталган. Мында, геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү 3,6 эсеге 48 миллион АКШ долларынан 175 миллион долларга чейин, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 2,7 эсеге 40 миллион долларга 107 миллион АКШ долларына чейин көбөйгөн. Ошол эле убакта пайдалуу кендерди казып алуучу ишканаларга инвестициялар 1,8 эсе 69 миллион доллардан 39 миллион АКШ долларына чейин, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,4 эсеге 29 миллион доллардан 21 миллион АКШ долларына чейин төмөндөдү.

2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырганда түз чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 1,8 эсеге, негизинен Канададан (8,9 эсеге), Улуу Британиядан (4,6 эсеге), Кытайдан (1,9 эсеге) жана Нидерланддан (1,4 эсеге) алардын өсүшүнүн эсебинен көбөйгөн фактыны эске алуу менен өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрү тарабынан геологиялык чалгындоого инвестициялардын өсүшү белгилей кетүү керек. Компаниянын кошумча инвестициялары Кыргызстандын экономикасы үчүн өлкөнүн ири ишканаларына алтын казып алууну улантуу жана мамлекеттик бюджетти мындан ары да толуктоого мүмкүндүк берүү жөнүндө оң натыйжа берет.

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын түшүү жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы Кытайга туура келет (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнөн 46,2 пайыз), Улуу Британия (16,4 пайыз), Канада (11,2 пайыз), Нидерланддар (8,0 пайыз) жана Туркия (4,4 пайыз).

Жалпысынан, үчүнчү өлкөлөрдөн тартылган инвестициялардын көлөмүн жогорулатууну жана ЕАЭБ боюнча өнөктөш – өлкөлөрдөн түз чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмүн төмөндөтүүнү белгилеп кетүү маанилүү. Алсак, 2018 – жылдын I жарым жылдыгына салыштырганда инвестициялык агымдардын Россиядан 1,7 эсеге жана Казакстандан 1,5 эсеге төмөндөшү байкалды. Муну менен катар Өзбекстандан келген инвестициялар 1,3 эсеге көбөйгөн.

2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырганда Ысык – Көл облусуна түз чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 22,1 эсеге, Ош шаары-3,4 эсеге, Жалал – Абад облусу – 2,2 эсеге, Чүй облусу-1,8 эсеге көбөйгөн, ошол эле учурда башка чөйрөлөрдө инвестициялардын келиши кыскарган.

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын жалпы көлөмүндө өткөн мезгилде салыштырма салмак Жалал-Абад облусунун ишканаларына туура келди – 48 процентке жакын, Бишкек шаарында – 24 пайыздан ашык, Чүй облусунда – 16 пайыздан ашык, ошондой эле Ысык-Көл облусунда – 11 пайыздан ашык.

2019-жылдын I жарым жылдыгында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2018-жылдын жарым жылдыгына салыштырганда 15,5 пайызга көбөйгөн жана 273,0 млн долларды түзгөн.

2019-жылдын январь-июнь айларында тике чет өлкөлүк инвестициялардын структурасында 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда сатып алуучу менен жабдып берүүчүнүн ортосундагы келишим боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө өз ара карыздан түшкөн каражатты, ошондой эле реинвестицияланган кирешени соода кредиттеринин агымынын көбөйгөндүгү белгиленди

2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2019-жылдын январь-июнь айларына түз чет өлкөлүк инвестициялардын структурасында сатып алуучу менен жабдып берүүчүнүн ортосундагы келишим боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөнүүчү соода кредиттеринин агымы көбөйгөндүгү белгиленди. Биринчи көрсөткүч өндүрүү үчүн чийки затты сатып алуунун көлөмүн чарбакер субъекттер тарабынан жогорулатууну мүнөздөө менен өлкөдө ишкердик иштин активдешүүсү жөнүндө кабар берет.

Ошол эле учурда инвестициялардын агылып чыгуу статистикасын ушундай мезгилинде инвестициялардын агымынын көрсөткүчтөрү менен биргеликте гана кароо керек деген маанилүү өзгөчөлүккө көңүл буруу керек. Инвестициялык ишмердүүлүк өлкөнүн аймагында жана анын аймагынын четинде да финансылык жана товардык ресурстардын өз ара агымын караган өзгөчө өз алдынчалыкка ээ. Ушуга байланыштуу мындай агымдардын көбөйүшү оң көрсөткүч болуп саналат жана өлкөдөгү инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнүн натыйжасы катары түшүндүрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле, статистикалык отчеттуулуктун өтө маанилүү көрсөткүчү болуп инвестициялардын агымынын жана агылып чыгуусунун сальдосу болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу инвестициялардын агымынын жана агылып кетишинин өсүшү байкалууда. Ошол эле учурда инвестициялардын келиши агылып чыгууларга караганда кыйла жогору даражада өсүп жаткандыгына байланыштуу акыркы сальдо 2019-жылы 10,6 млн. АКШ долларынан 2018-жылы 120,7 млн. АКШ долларына чейин өстү.

Пикир

Оставить комментарий