• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бажы кызматынын кызматкери акча каражатын жана тамекини мыйзамсыз өткөрүүгө шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Укук коргоо органдары тарабынан жалпы суммасы 253 500 долларды түзгөн акча каражаты жана тамекини Кыргызстан аркылуу Афганистанга мыйзамсыз өткөрүүгө шектелип Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын ички коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте жалпы суммасы 253 500 долларды түзгөн акча каражаты жана Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бара жаткан тамеки заттарын Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уруксатсыз бажы транзитине киргизүү фактысы аныкталган.

Буга чейин аталган факты ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ушул жылдын 9-январында Мамлекеттик бажы кызматынын 38 жаштагы М.Б., аттуу кызматкери кармалып, КРдин Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык шектүү катары Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий