• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бакай-Ата бөлүмүнүн жетекчилиги бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине аванс катары мыйзамсыз акча которгону аныкталган.

Эсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, Бакай-Ата билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 11 млн сом өлчөмүндө мыйзамсыз акча которушкан.

Бул факт боюнча Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т. кармалып, Талас облусунун ИИБ УКЖсына киргизилди.

Азыркы учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам – тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий