• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө жол инспекторлору кышкы туризм учурунда коопсуздукту камсыздоодо

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармадыгынын кызматкерлери Ысык-Көлдө кышкы туризм учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо.

Алар "Каприз" жана "Каракол" тоо лыжа базаларында күнү-түнү нөөмөттө турушууда. Ал эми келген туристтер Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине рахматын айтып, ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Кызматкерлер туристтердин коопсуздугун камсыздоо, жол тыгындарын болтурбоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу багытында иш алып барышууда.

Белгиленгендей, азыркы учурда туристтерге жана айдоочуларга 20 миң даана эскертүү буклеттери даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий