• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда 23 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаарындагы кызматкерлери салык контролунун жүрүшүндө мыйзамсыз алкоголдук продукцияны сактаган жана саткан кампа жайын аныктады.

Ведомствонун басма сз кызматы билдиргендей, жыйынтыгында «Бишкек Алко Пром» ЖЧКсы чыгарган жасалма акциздик маркалары менен 23 миң 550 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий