• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бажы органдарынын кызматкерлери 5 күндүк окутуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бажы органдарынын кызматкерлери "Машыктыруучу-инструкторлорду даярдоо" темасына 5 күндүк окуу курсунан өттү.

Мамлекекттик бажы кызматынан билдиришкендей, тренингге жалпысынан "Адистештирилген-окутуу", "Түндүк-Чыгыш" бажысы, "Манас" бажысы, "Түндүк" темир жол бажысы жана "Бишкек ЭЭА" бажысынан 14 кызматкер катышты.

Окутуу ЮСАИДдин Борбордук Азиядагы "ТСА Прогаммасынын" колдоосу менен өткөрүлгөн. Негизги максат – бажы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Курстун аягында кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий