• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Нарту Абдурахманов алтын медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нарту Абдурахманов Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 97 кг чейинки салмакта катышып, алгач 1/4 финалдык беттеште ирандык балбанды жеңген.

Жарым финалда казакстандык балбанды утса, ал эми финалдык беттеште түркиялык балбанды жеңип, алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. 3-сентябрда башталган чемпионат 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий