• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандын аскер кызматкерлери Беларуста биргелешкен машыгууга катышууда

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев "Күжүрмөн боордоштук-2023" биргелешкен оперативдик-стратегиялык машыгуунун активдүү фазасына катышуу үчүн Беларуска барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эрлис Тердикбаев Беларустун коргоо министринин биринчи орун басары Виктор Гулевич менен жолугуп, башкаруу штабын жана аскердик контингенттер жайгашкан лагер менен таанышты.

Ошондой эле Тердикбаев Кыргызстандын атынан машыгууга катышып жаткан аскердик контингенттин өздүк курамы менен жолугуп, шарттары жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө баяндамаларын угуп, аларга биргелешкен маневрдин жүрүшүндө жогорку жетишкендиктерге жетүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий