• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сагынбаев коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда өлкөнүн мамлекеттик органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу маселелер талкууланды.

Бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери алардын пикири боюнча мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын натыйжалуу ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан проблемалар тууралуу айтышты.

Тактап айтканда сот, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарынын коррупциялангандыгы боюнча маселелер көтөрүлдү. Мыйзамдагы бир катар проблемалар, атап айтканда дайындалган ыйгарым укуктар, укуктардын коллизиялары жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун антикоррупциялык экспертизадан натыйжалуу өткөрүүнүн методикалары белгиленди. Ишмердик жүргүзүп жатканда бизнес-коомчулук туш келген акча талап кылуу, «крыша болуу», контрофакттык продукцияларды ташып киргизүү, аткаминерлердин өзүм билемдиги жана кесипкөй эмести ги сыяктуу көйгөйлөр айтылды.

Дамир Сагынбаев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы тарабынан өлкөнүн мамлекеттик органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана Коопсуздук Кеңешинин чечимдери аткаруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу жолугушуунун катышуучуларына айтып берди.

«Бул маселелер Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун ар дайым контролунда турат», - деп белгиледи Коопсуздук Кеңешинин катчысы.

Дамир Сагынбаев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 18-февралындагы чечимин аткаруу боюнча иш чаралар өткөрүлүп жатат, анын натыйжасында аткаминерлер мыйзамсыз жол менен табылган мүлктү пайдаланып жүрүүгө жол берилбей калаарын белгиледи.

Бул максатта, салык кызматынын жана Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын эксперттери тарабынан саясий жана коомдук башкаруу кызмат орундарын ээлеген адамдардын, чыгашаларын жана кирешелерин декларациялоо мыйзамдарын жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актылардын пакети даярдалып жатат.

Сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө алардын өзүн-өзү тазалоого багытталган бир катар ченемдик-укуктук документтер даярдалып жатат. Мындай кызматкерлерге карата укук коргоо органдарынын колу туткак кызматкерлерин аныктоого мүмкүндүк берген тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн системасы иштейт.

«Коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөшүүнүн маанилүү компоненттеринин бири бул ачык-айкын чечимдерди кабыл алуу менен бирге мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып барышы. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн дагы бир маанилүү механизмдери мамлекеттик органдардын ишин бейөкмөт уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн баа берүү жана мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Бейөкмөт уюмдары тарабынан альтернативалык отчет же Мамлекет башчысына кайрылуу иретинде берилген маалыматтар жана фактылар айрым учурларда бийлик органдарынын ишмердигиндеги көмүскөдөгү коррупциялык тобокелдерди аныктоого жана коррупцияга аралашкан аткаминерлердин бетин ачууга мүмкүнчүлүк берүүдө", — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Жолугушууда ошондой эле кызматтык кылмыш жасоо фактылары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо чөйрөсүндө коррупция жана кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин мыйзамсыз токтотулушу жана жабылышы тууралуу маселелер дагы талкууланды.

«Прокуратура тарабынан кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча, ошондой эле мамлекеттик муниципалдык менчикти уурдоо кылмыштары боюнча тергөө иштери мыйзамсыз токтотулган же мөөнөтү созулган бардык кылмыш иштери инвентаризациядан өтүп жатат. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда жооптуу адамдарга карата кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейинки тийиштүү чаралар көрүлөт», — деп белгиледи Коопсуздук Кеңешинин катчысы.

Дамир Сагынбаев сөзүнүн акырында белгилүү болгон баардык коррупция фактылары боюнча чара көрүлүшү жана талдоо жүргүзүү, коррупцияга жол бербөө боюнча кошумча механизмдерди иштеп чыгуу үчүн укук коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешине кайрылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий