• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги Байтик баатыр атындагы сейил бакка 200дөн ашуун көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Байтик баатыр атындагы жаңы сейил бактын аймагына 200дөн ашуун бак-дарактын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, сейил бакка 117 липа, 25 куш алча жана 60 клен отургузулду.

Мындан тышкары, В.И.Чапаев атындагы гүлбакчага 10 туянын көчөтү отургузулду.

"Күзгү отургузуунун артыкчылыктарынын бири, отургузуу мөөнөттөрүн эске алуу менен, бак-дарактардын аман калуу көрсөткүчү жазга караганда жогору. Өсүмдүктөрдүн тамыр жайып, коромжусуз кыштап, жазында стресске учурабай өсүп баштоого убактысы бар. Көчөттүн ойгонушу жетиштүү тамыр системасы менен ишке ашат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий