• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бажычылар наркы 40 млн сомдук кальян үчүн тамекинин ири контрабандасына бөгөт коюшту

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.05.22./Кабар/. 1-майда Ошто Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен бирге кальян үчүн тамекинин ири контрабандасына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирет.

ЕАЭБдин бажы аймагы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө «К.» ЖЧКнын дарегине «Достук» өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстан-Кыргызстан каттамы боюнча жүрүп бара жаткан жүк ташуучу унааны токтотушкан.

Көрсөтүлгөн инвойско ылайык, унаада трикотаж кездеме түрүндөгү товар болгон. Бирок бажы текшерип кароо жол-жобосун өткөрүүдө Түркияда өндүрүлгөн «Serbetli» маркасындагы кальян үчүн тамеки товары табылган.
Жүктүн жалпы салмагы 28 миң 848 кг түздү, болжолдуу наркы 40 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Бул факт КБР МЭЖ АМСта катталган, анын алкагында башка декларацияланбаган товарларды табууга жана келтирилген зыянды аныктоого багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий