• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

ИИМ: Бишкекте таксинин жүргүнчүсүнөн баңгизат табылды

Коом 0


Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бишкекте таксинин жүргүнчүсүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алынган ыкчам маалымат текшерүүсүнүн жүрүшүндө Баңгизаттарды мыйзамсыз ыкчам кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген Борбордун жашоочусунун башкаруусунда “Honda” үлгүсүнөгү унааны токтотушуп, унаанын ичиндеги жүргүнчү катары Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган тургуну болгон.

Унаа каражатын кызматтык итти колдонуу менен милиционерлер тарабынан кинологиялык изилдөөнүн жүрүшүндө унаанын арткы отургучунун астынан целлофан пакет менен оролгон таңгак табылган, анда "гашиш" баңгизатынын 30 даана кутучасы болгон. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 328 гр түздү.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда аталган факты боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий