• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бейшеналиев КМШнын Саламаттык сактоо жаатында кызматташуу кеңешинин отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 08.12.24./Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жетектеген делегация Санкт-Петербург шаарында 6-7-декабрда өткөн КМШнын Саламаттык сактоо жаатында кызматташуу кенешинин XXXVII отурумуна катышты

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Алымкадыр Бейшеналиев кеңештин пленардык отурумунда Кыргызстандын саламаттык сактоо жаатындагы жетишкендиктери жана артыкчылыктуу милдеттери жөнүндө баяндама жасады.

Отурумдун катышуучуларына сөз сүйлөп жатып, министр Россия тарапка жана уюштуруучуларга иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө кеңештин ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий