• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бейшеналиев СӨФ өкүлдөрү менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн талкуулады

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ) Борбордук жана Батыш Азиядагы Операциялар боюнча директору Мохаммед Алмасуд жетектеген делегация менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар «Бишкек шаарындагы мамлекеттик балдардын тез жардам ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү» долбоорунун жүрүшүн талкуулашты. Ошондой эле Сокулуктагы жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имаратын куруу боюнча жаңы долбоорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Министр Сауд өнүктүрүү фондуна Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Балдар ооруканасын куруу долбоору башталгандан бери бир топ иштер аткарылып, бүгүнкү күндө биргелешкен аракеттер менен курулуш графикке ылайык уланууда. Жаңы долбоор да жакынкы жылдарда ийгиликтүү ишке ашып, Сокулук Жалпы дарыгерлик практика борборунда жаңы имарат пайда болот деп ишенебиз”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, «Медициналык борборлорду жабдуулар менен камсыз кылуу жана карантиндик аймакты куруу жана жабдуу» гранттык долбоорунун алкагында медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Ал Түп райондук ЖДПБ, Кара-Кулжа ЖДПБ, Улуттук фтизиатрия борбору жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтун жабдыйт.

Пикир

Оставить комментарий