Бейшеналиев Женевада Ыйгарым укуктарды кароо комитетинин мүчөсү болуп шайланды

Ден соолук 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Күн мурун Швейцариянын Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 77-сессиясы ишин баштады.

Иш-чарага Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган делегация активдүү катышууда.

Бул маанилүү иш менен катар министр Алымкадыр Бейшеналиев Ассамблеянын учурдагы сессиясында Ыйгарым укуктарды кароо комитетинин мүчөсү болуп шайланды. 12 мүчө-мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган бул комитет мүчө-мамлекеттердин жана ассоциацияланган мүчөлөрдүн ыйгарым укуктарын кароо үчүн ар бир Саламаттык сактоо ассамблеясынын башында түзүлөт. Делегациялардын ыйгарым укуктарын таануу жөнүндө чечим жакын арада Ассамблеяга сунушталат.

Ошентип, Алымкадыр Бейшеналиев сессиянын бардык негизги иш-чараларына катышуудан тышкары, Ассамблеянын талаптагыдай иштешин жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын сакталышын камсыз кылуу максатында түзүлгөн Ыйгарым укуктарды кароо комитетинин ишине активдүү катышат.

Пикир

Оставить комментарий