Беларусь расмий түрдө ШКУга мүчө болду

Саясат 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Казакстандын төрагалыгы астында Астанада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Беларустун расмий түрдө ШКУга толук кандуу мүчө болуусу тууралуу документке кол коюу менен башталды, деп билдирет БЕЛТА.

Беларусь расмий түрдө ШКУнун толук кандуу мүчөсү болду, өлкөнү уюмга кабыл алышты.

"Бүгүн Астанада өтүп жаткан саммитте биздин уюмду андан ары кеңейтүү тууралуу маанилүү чечим кабыл алынды. Буга байланыштуу Беларустун президенти урматтуу Александр Григорьевич Лукашенкого кош келиңиз деп айткым келет. Беларусь Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуу үчүн зарыл процедураларды аткарды. Уруксат берсеңиздер, жыйынды Беларусь Республикасын ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катарына кабыл алуу тууралуу документке кол коюу менен баштоону сунуштайм", - деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Пикир

Оставить комментарий