• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР, Австриянын элчилери жана Катардын ТИМ башкы катчысы БА уран калдыктарын сактагычтардын көйгөйлөрүн талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиевдин жана Австрия Республикасынын элчиси, Европалык биримдиктин Катар мамлекетиндеги убактылуу өкүлү Уилли Кемпелдин, Катардын тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Ахмед бин Хассан Аль-Хаммади менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактагычтын көйгөйлөрү, андан чыккан аймактагы кээ бир өлкөлөрдүн калкынын жыргалчылыгы жана коопсуздугу үчүн коркунучтар жана экологиялык тобокелдер маселеси каралды. Андан сырткары уран жана башка радиоактивдүү калдыктардын көмүлгөн жерлерин калыбына келтирүү маселелери талкууланды. Буга байланыштуу элчи Нуран Ниязалиев Кыргызстандын өкмөтүнүн бул маселени чечүү боюнча күч-аракеттерин белгиледи. Анын ичинде Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын “Эл аралык коомчулуктун Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуудагы ролу” резолюциясынын кабыл алынышын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР жана Австрия Европалык биримдиктин төрагасы катары Катар мамлекетин Борбордук Азиядагы уран калдык сактагычтарынын жана Эл аралык донордук конференцияга (2018-жылдын 8-ноябры, Лондон шаары) жана Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактагычтын маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чарага (2018-жылдын 27-сентябры, Нью-Йорк шаары) чакырды.

Пикир

Оставить комментарий