Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кыргызстандыктар Беларуста акысыз билим ала алат. Билим берүү жана илим министрлиги акысыз билим алуу программасына катышуучулар үчүн сынак шарттарын маалымдайт.
Белгилей кетсек, Белорусия өкмөтү 2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстанга сегиз гранттык орун бөлгөн.
Бакалавриат программасы боюнча бөлүнгөн гранттык орундар:
- Финансы жана кредит – 1 орун;
- Биотехнология – 1 орун;
- Маалымат технологиялары – 3 орун.
Магистратура программасы боюнча бөлүнгөн гранттык орундар:
- Лингвистика (тилди көрсөтүү керек) – 1 орун;
- Эл аралык укук – 1 орун;
- Маалыматты даярдоо, башкаруу жана системалык анализдөө (тармактар боюнча) – 1 орун.
Талапкерлерди тандоо эки этапта жүрөт:
Биринчисинде катышуучулар Белорусия элчилигине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:
- элчиликтин атына кайсы адистикти жана эмне үчүн тандаганы тууралуу эркин формадагы арыз.;
- чет өлкөгө чыгуу документтеринин же жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
- билим алгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү же билим берүү уюмунун жетекчиси күбөлөндүрүп, бардык предметтер боюнча алган баалары көрсөтүлүп, окуп жатканын далилдеген маалымат кат;
- орус тилин билүүсүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- тандаган адистиги боюнча билим алууга жөндөмдүүлүгү көрсөтүлгөн медициналык аныктама жана ВИЧ жоктугу боюнча сертификат;
- окуу жайдан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);
- белоруссиялык тегин аныктоочу документ (эгер болсо).
Документтер орус же белорус тилинде даярдалышы керек. Сынакка катышуучунун акыркы окуу жылындагы орто упайы 4,3 баллдан кем эмес болушу зарыл.
Экинчи этап 15-июлга чейин аралыкта аңгемелешүү түрүндө өтөт. Экинчи тур тууралуу Белорусия элчилиги талапкерге 20-майга чейин маалымат берет.
Грант окууга кеткен чыгымдарды камтыйт, стипендия берет.
Грант катышуучунун жол акысына, жатаканага, тамак-ашка, медициналык камсыздандырууга жана визага кеткен чыгымдарды камтыбайт.
Документтер 2020-жылдын 25-февралына чейин тапшырылышы керек.
Пикир
Оставить комментарий