• 87
  • 90.41
  • 0.84

Беларуста Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 24-27-октябрь күндөрү Минск шаарында (Беларусь) Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул кыргыз-беларусь мамилелеринин тарыхында биринчи ирет болуп жатат.

Маданият күндөрүнүн программасында ар кандай маданий иш-чаралар каралган. Кыргыз кино күндөрү ачылып, көрүүчүлөр кыргыз режиссерлорунун заманбап фильмдерин көрө алышат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын чагылдырган көркөм көргөзмө уюштурулат.

Иш-чарада илимий жана чыгармачылык интеллигенциянын форуму өткөрүлүп, эки өлкөнүн көрүнүктүү коомдук жана маданий ишмерлери катышат. Программаны кыргыз искусствосунун устаттарынын гала-концерти жыйынтыктайт, ал Беларусь мамлекеттик филармониясында өтөт.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Беларусь мамлекетинин ортосунда маданий байланыштарды бекемдөөгө зор салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий