• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Германияда Кыргызстандан келген кадрларды ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Эмгек жана социалдык иштер боюнча федералдык министрлигинин Европалык жана эл аралык ишке орноштуруу жана социалдык саясат департаментинин директору Карстен Штендер менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандан келген квалификациялуу кадрларды Германияга ишке орноштуруу маселеси талкууланды.

Элчи Текебаев уюшкан түрдɵ ишке орноштурууну камсыз кылуу үчүн системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул максатта жакын арада Бишкек шаарында Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу пландалып жатканын билдирди.

Карстен Штендер Германиянын Эмгек жана социалдык иштер федералдык министрлигинин Германияга башка өлкөлөрдөн кадрларды тартуу боюнча аракеттери тууралуу маалымат берип, Германияда квалификациялуу кадрларды ишке орноштуруу боюнча Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий