• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бийлик өкүлдөрү Кочкор районунун эли менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун эли менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында тургундар социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуулар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу суроолорду беришип, арыз-кайрылууларын узатышты.

Кайрылуулар жеринде кабыл алынып, башкы прокурор ар бир арыз кылдат жана мыйзам чегинде караларын белгилеп, ыкчам жана калыс чаралар көрүлөрүн билдирди.

Жолугушууга Кочкор районунун 300дөн ашуун тургуну катышты.

Белгилей кетсек, аталган жолугушуулар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий