• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты: Дастан Лепшаков коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын бильярд боюнча курама командасынын мүчөсү Дастан Лепшаков Бишкекте өтүп жаткан “айкалыш пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, ата мекендик спортчу чейрек финалда орусиялык Артем Баловду артта калтырып, жарым финалдык беттеште ошол эле орусиялык Никита Володин аттуу спортчуга жеңилип калды.

Жыйынтыгында 3 орунду камсыз кылып чемпионаттын коло медалын тагынды.

Эске салсак, Бишкекте өтүп жаткан бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионаты 27-февраль күнү башталган. Ал эми жыйынтыктоочу финалдык оюндар бүгүн, 2-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий