Ошто курулушу токтоп турган 625 орундуу мектеп быйыл бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы жүргүзүлүп жаткан жумуштар өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүү жагын тапшыруу менен бирге тиешелүү кызмат, мекеме жетекчилерине куруучуларга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, курулуштун жалпы аянты 4 291 чарчы метрди түзөт.

Долбоорго ылайык, 625 орундуу мектептин короосунда 50 куб метр суу резервуары, спорт аянтчалары, трансформатордук көмөк чордону, жыйындар залы, ашкана, откана, унаа токтотуучу ж.ана башка зарыл болгон бардык нерселер курулат.

Мектептин курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий