• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Талас облусунун милициясы мектеп окуучуларга атайын ачык эшик күнүн өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын балдар иштери боюнча кызматтын демилгеси менен мектеп окуучуларына атайын ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Марлис Каратаев мектеп окуучуларын борбордук аппараттын көзөмөл-өткөрүү пунктунда тосуп алып, милиция кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруудан баштады.

Аталган иш-чаранын максаты — жаш муундардын патриоттук ой сезимин жогорулатуу, милиция кызматкерлерине болгон ишенимди күчөтүү менен балдардын кесипти тандоосуна көмөк көрсөтүү жана милициянын кадыр-баркын жогорулатуу.

Мектеп окуучулары милиция кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, кызыккан кызматтарга суроолорун узатышып, өздөрүнө канааттандырарлык жоопторду алышты. Нөөмөт бөлүмүнөн баштап, тергөө, эксперт криминалисттерге чейин ар биринин аткарган иштери тууралуу баяндамаларды угушту.

Пикир

Оставить комментарий