Билим берүү, инклюзия, коопсуздук. Бизнес ESG-ыкмаларын кантип ишке ашырууда

Бизнес 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бишкекте ири компаниялардын өкүлдөрү экологиялык, социалдык жана башкаруучулук секторлорго бизнес-процесстерди трансформациялоо практикасы жана иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Заманбап бизнеске азыр жөн гана киреше алуу жетишсиз, алар өзүнөн кийин курчап турган чөйрөгө жана коомго жагымдуу из калтырышы керек. Компаниялар ушул эрежелерди кантип сактап жатканы жөнүндө Эл аралык ишкер кеңеш Бишкекте уюштурган панелдик талкууда сөз болду. Иш-чарага аталган кеңештин, мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Анда белгиленгендей, Кыргызстанда курчап турган чөйрөгө жоокерчиликтүү мамилени, жогорку социалдык жоопкерчиликти жана корпорациялык башкаруунун жогорку сапатын камтыган ESG принциптери активдүү өнүгүүдө. Ошол эле учурда коомчулукта бул стандарттардын эмнеге керектиги жана кантип колдонулары жөнүндө көптөгөн суроолор жаралган. Андыктан иштеп жаткан ESG-практикалардын ийгиликтүү үлгүлөрү жана пландалган иш-чаралар жөнүндө глобалдык компаниялардын спикерлери айтып берди.

Айтсак, Яндекс өз алдына IT жаатындагы сапаттуу билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо максатын койгон. Былтыр компания Бишкекте жогорку класстардын окуучулары Python тилинде программалоонун негиздерин акысыз окуп үйрөнгөн Программалоо мектебин ишке киргизген. Окутууну 23 окуучу ийгиликтүү аяктады. Жаңы окуу жылынын башында жаңы кабыл алуу жүргүзүлөт.

КР Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге студенттер жана педагогдор үчүн Python программасы боюнча квалификациясын жогорулатуу онлайн-курсу өткөрүлгөн. Ноокаттык 62 жаштагы информатика мугалими Исмаил Кошмурзаев бул курстун биринчи бүтүрүүчүсү болуп калды, ал жыйынтык тестти башка катышуучулардан эң тез жана «эң жакшы» тапшырган.

Кыргызстандагы Яндекс Go компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов, компаниянын ушул жана башка социалдык долбоорлору жөнүндө корпорациялык социалдык жоопкерчилик принциптери талкууланган панелдик сессияда айтып берди.

«Билим берүү эң жакшы – бирок биз инклюзия жана биздин сервистердин санариптик жеткиликтүүлүгү жөнүндө эч качан унутпайбыз. Мисалы биздин тиркемеде айдоочуга майыптыгы бар жүргүнчүгө машинаны табууга же арабаны багажникке жүктөөгө жардам берүү керектигин айтып турган атайын мүмкүнчүлүктөр экраны бар. Продукт анча татаал эмес, бирок талап өтө жогору болуп чыкты. Ал иштей баштагандан тартып 58 000 ашык сапар атайын опциялар менен аткарылды. Биз айдоочулар жөнүндө дагы ойлонобуз. Эгерде жүргүнчүгө угуусу начар айдоочу келсе, тиркеме бул жөнүндө кардарга билдирет жана аны менен сүйлөшүүгө кеңештерди берет», - деп компаниянын өкүлү белгиледи.

Кайрымдуулук – социалдык саясаттын дагы бир маанилүү бөлүгү. Яндекс Go былтыр күзүндө сервис иштеп жаткан бардык шаарларда кайрымдуулук сапарлар программасын ишке киргизген. Сервис төрт коммерциялык эмес төрт фонддун тарбиялануучуларын жана профилдик адистерин акысыз сапарлар менен камсыздайт, бул үчүн ай сайын 120 миң сом каражат бөлүнүп турат. Ошондой эле, «Кең пейил ноябрь» акциясы өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы боюнча Яндекс фонддорго 600 миң сом котордгон. Компания буга чейин программанын катышуучуларынын санын кеңейтүү, бюджетти көбөйтүү жана жеткирүү тарифтерин кошуу пландары жөнүндө жарыя кылган.

Албетте заманбап технологиялар колдонуучулар менен айдоочулар үчүн сапарларды коопсуз кылууга мүмкүндүк берет. Яндекс Go тиркемесинде автоунаалардын ылдамдыгы жана унаа башкаруу ыкмалары боюнча кооптуу маневрларды каттаган автоматтык мониторинг иштейт. Мындан тышкары, сервис биринчилерден болуп сапар убагында жүргүнчүлөр менен айдоочулардын өмүрүн жана ден соолугун кошумча акысыз камсыздандырууну киргизди. Бул программа Кыргызстанда өткөн жылдын март айынан баштап иштеп келет, ал эми камсыздандыруу суммасы 800 миң сомго жетет.

Пикир

Оставить комментарий