• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Билим берүү министри эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен жолугушту

Билим 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева XX эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучулар жана аларды таймашка даярдаган тренер, мугалимдерди кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен окуучулар, мугалимдер жана тренерлерге Билим берүү жана илим министрлигинин мактоо баракчалары жана белектери тапшырылды.

Эскерте кетсек, кыргызстандык 17 окуучу математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында 4 күмүш жана 13 коло медаль жеңген.

Ошондой эле бул мелдеште кыргызстандык 4 мугалим эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий