• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда энергетика жана кызматташуу жаатында эки макулдашууга кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 23.01.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хассан Накви баштаган Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда тараптар энергетика жана суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлорунун Кыргыз Республикасына боло турган сапары тууралуу кенен талкуу жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосунда “Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүктөрүн түзүү жана ишмердүүлүгү” жана “Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорун каржылоонун – 1-фазасы” жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.

Жогорудагы макулдашуулардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташуунун мындан ары дагы тереңдешине жана бекемделишине түрткү берет.

Белгилей кетсек, энергетика тармагында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоолор болуп келген, маселен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча долбоорду каржылоого макулдук берген.

Пикир

Оставить комментарий