Билим берүү министри: Эне тилди билүү ар бир кыргызстандыктын миссиясы

Коом 0

Бишкек,15.03.24. /Кабар/. Эне тилди билүү ар бир кыргызстандыктын миссиясы. Бул тууралуу “Кыргыз тилинин бизнестеги орду” деген темадагы “Заманбап кыргыз тили 2” форумунда билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, көпчүлүк кыргыз тили экономикалык эмес жана рынокто өзгөчө суроо-талапка ээ эмес деп айтат.

"Бизнестин мамлекеттик тилди сактоо жана аны экономикалык чөйрөгө киргизүү маселесин көтөрүп жатканы абдан кубандырат. Бул бүгүнкү күндө абдан актуалдуу көйгөй", - деди ал.

Министр экономиканын бардык тармагында, жада калса кызмат көрсөтүүдө эне тили колдонулбай калгандыгын баса белгиледи. "Шаардагы туш келген тамактануучу жайга кирип, кыргызча суроо берсең ага орусча жооп аласың. Бул өкүнүчтүү. Эртең кеч болуп калбашы үчүн, бүгүндөн тарта эне тилибизди сактап калууда чечкиндүү кадамдарды жасашыбыз керек", - деген министр форумдун катышуучуларын өз салымдарын кошууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий