• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Билим берүү министри тоо илимий борборлорунун иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүз районундагы Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборуна жана Кыргыз-Кытай "Тоо экосистемалары" илимий-изилдөө стационарына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр борбордун ишмердүүлүгүнүн багыттары жана жаш адистерди даярдоосу менен таанышты.

Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылганов гляциологиялык жана гидрометеорологиялык мониторинг тармагы тууралуу айтып берди.

Догдуркүл Кендирбаева Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал жана Борбор Азия университетинин ректору Кристофер Герри менен эл аралык илимий кызматташтыкты талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий