• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Билим берүү министри Ысык-Көл мамуниверситетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, Иманалиев сапарынын алкагында аталган окуу жайдын студенттерине лекция окуп, анда билимдин маанилүүлүгү, Кыргыз иденттүүлүгүндөгү Жети-Акенин орду жана тарыхка токтолду.

“Биз ааламдашкан доордо кыргыздын улуттук иденттүүлүгүн, жүзүн, образын кантип сактап калууну ойлонушубуз керек. Билимдүү эл гана нарктуу болот. Билим берген устаттарыңарды сыйлап, билим алууга умтулгула”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий