• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад Сүрөтчүлөр союзунун “Арт галерея” сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген алдыңкы сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

Иш-чараны “Сефан” арт окуу борбору уюштуруп, аны жергиликтүү бийлик колдоого алган. Анын негизги максаты көркөм өнөр искусствосу менен алектенген инсандардын жараткан эмгектерин жалпы коомчулукка алып чыгып, жаш муундарга маданият тармагынын баалуулуктарын таанытуу болуп саналат.

Арт галерея көргөзмөсүндө сүрөтчүлөр кыргыз жеринин кооздугун даңазалаган пейзаждарды, кээ бирлери белгилүү инсандардын элестери түшүрүлгөн портреттерди, философиялык мазмундагы эмгектерди коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий