• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Билим берүү министри: Жалпы республикалык тестирлөөдө тилдик басмырлоо жок

Билим 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөдө тилдик басмырлоо жок. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчү кайсы тилде тест тапшырбасын, тапшырмаларда айырма жок.

"Бардык тапшырмалар эки тилде берилет. Эч кандай айырмачылык болбошу керек. Эгерде ал жакта "идет" деп жазылса, кыргызчага которгондо "келе жатат” болот", - деп белгиледи Кендирбаева.

Министр муну көйгөй катары кароого болбой тургандыгын, анткени сөз айкаштарынын айырмасы тапшырманын маанисин эч кандай өзгөртө албастыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий