• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Директорлорду тандоо: Ошто компьютердик тестирлөөдөн 31 талапкердин 14ү өттү

Билим 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-августунда Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка катышууга 72 адам документ жиберип, андан 31 талапкер документтердин толук эмес пакетин тапшырган. Мындан сырткары, 3 адам сынактын экинчи этабына келген жок.

Компьютердик тестирлөөгө 31 талапкер катышып, жыйынтыгында 14 талапкер босого балл 60% жана андан жогору упай топтоду.

Пикир

Оставить комментарий