• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Билим берүү министрлиги: Мектеп формасы классикалык стилге дал келиши керек

Билим 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Мектеп формасы классикалык стилге дал келиши керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, КР өкмөтүнүн 2015-жылдагы “КР жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилди.

"Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ. Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт", - деп айтылат маалыматта.

Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) тигилет.

Окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.

Пикир

Оставить комментарий