• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

27-июлда “Оймо-2023” XVII эл аралык фестивалы башталат

Маданият 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бишкекте “Оймо-2023” XVII эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы өтөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, фестиваль 27-июлдан 30-июлга чейин Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдындагы аянтта өтүп, андан соң 1-августтан 3-августка чейин Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында уланат. Ал эми 4-6-август күндөрү фестиваль Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун алдындагы аянтчада өтмөкчү.

"Оймо" фестивалынын максаттары - Кыргызстанды экологиялык таза жана маданий туризмдин өлкөсү катары таанытуу, улуттук жана региондук кол өнөрчүлүк рыногун өнүктүрүү, Кыргызстан менен Борбор Азия элдеринин маданий мурастарын сактоо, мурас негизинде курулган чыгармачыл бизнес тармактарды колдоо болуп саналат.

Фестивалда кол өнөрчүлүк жарманкесин, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү, этно-мода көргөзмөлөрүн, эко-акцияларды көрүүгө болот. Ошондой эле конференцияларга, тегерек столдорго, музыкалык программаларга катышып, салттуу ашканадан даам татып, каада-салттарды жана ырым-жырымдарды көрсө болот.

Белгилей кетсек, “Оймо” эл аралык фестивалы Кыргызстандын жана Борбор Азиядагы көптөгөн туристтик фирмалардын календарлык пландарына киргизилген. 2019-жылы "Оймо" фестивалы Кыргызстандагы эң мыкты туризм долбоору деп белгиленген.

Фестивалга 2006-жылдан бери Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Афганистан, Индия, Кытай, Россия, Иран, АКШ, Мексикадан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, ишкерлер катышып келет.

Пикир

Оставить комментарий