• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Билим берүү министрлиги окуучулардын саны аз мектептерди оптимизациялайт

Билим 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты.

Ведомстводон маалымдашкандай, буйрукка ылайык жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен:

  • Ош облусунда – 22;
  • Нарын облусунда – 10;
  • Чүй облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 5;
  • Талас облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 1.

Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары КР президентинин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте 2024-жылдын 1-ноябрына чейин аякташы зарыл.

Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 2024-жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыктоосу керек.

Белгилей кетсек, буйрук КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 26-февралындагы № 31-6 протоколдук тапшырмасын аткаруу жана жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу максатында чыкты.

Пикир

Оставить комментарий