Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алгач ал Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан, 122 тарбиялануучусу бар көмөкчү мектеп-интернатка кайрылып, интернаттын эмгек жамааты жана тарбиялануучулары менен жолугушту.
Министр Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата белек катары ала келген акыркы муундагы компьютерлерди министрликтин атынан интернатка тапшырды.
“Учурдан пайдаланып, жаш кыргызстандыктарды майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Балдарыбызга жаркын келечек каалайм! Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү ар бир балада сапаттуу билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгү болушу үчүн бардык күч-аракеттерин жүмшайт”, – деди министр.
Ошондой эле ал интернаттын абалы менен таанышып, жеринде чечүүгө мүмкүн болгон айрым маселелерди жаңы окуу жылы башталганга чейин чечүү боюнча облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, интернаттын жылытуу системасын калыбына келтирүү, ашкананын чатырын алмаштыруу, уктоочу бөлмөлөрдү жаңы керебеттер жана төшөнчүлөр менен камсыздоо, керектүү сандагы компьютерлер менен жабдылган класс ачуу, мектептин китепканасын кыргыз тилиндеги китептер менен толуктоо боюнча тапшырмалар берилди.
Пикир
Оставить комментарий