• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Билими терең, жигери күч улан-кыздарыбыз менен сыймыктанабыз! Маданият министри жаштарды куттуктады

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктап, жаркын келечекти түзүүдө жаштардын ролу чоң экендигин айтты.

Министр өзүнүн куттуктоосунда 10–ноябрь өлкө келечеги болгон жаштарга арналган маанилүү күн экендигин баса белгилеп, жаштар келечектин үмүтү деди.

"Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан улуу гуманист Чыңгыз Айтматов ”Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат” деп айткандай дүйнөнүн өнүгүүсү менен бир канча багыттар дагы өнүгүп-өсүп, жаңырууда.

Кандай гана шартта, кайсы гана кырдаалда болбосун билими терең, жигери күч Кыргызстандын жаштары ыңгайлашып, өз артыкчылыктарын көрсөтүп келет. Спорт, маданият, билим-илим жаатында мекенибиздин желегин желбиретип, дүйнө жүзүнө тааныткан улан-кыздарыбыз менен сыймыктансак болот.

Дүйнөнү каптаган коронавирус апаатында, Баткендеги куралдуу кагылыштарда жана өлкө үчүн кыйын учурларда биздин жаштарыбыз кыргыз элине болгон күчүн аябай жардам жана эрдик көрсөтүп келишет.

Улам өзгөрүп жаткан дүйнөдө, жаркын келечекти түзүүдө жаштардын ролу чоң. Кыргызстандын азыркы жаштары түрдүү тармактарда активдүү өнүгүп жатат.

Саясий жана коомдук турмушка, искусствого, маданиятка, илимий-техникалык инновацияларга, спортко жана башка тармактарга кызыкдар экендигин көрсөтүүдө.

Ошондой эле, жаштар билим алууга, кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулуп келүүдө.

Биз жаштарга инвестиция салуу жана аларга мүмкүнчүлүк түзүү маанилүү экенин түшүнөбүз.

Биз жаштарды өнүктүрүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду илгерилетебиз, алардын демилгелерин жана келечегине таасир этүүчү чечимдерди кабыл алууга катышуусун колдойбуз.

Жаштардын жакшы жакка өзгөрүүгө болгон каалоолору жана өлкөбүздү өнүктүрүүгө кошкон салымдары бизди сыймыктандырат. Келгиле, ар бир жаш адам өз максаттарына, кыялдарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, гүлдөгөн Кыргызстанды, өнүккөн өлкөнү, бакубат Кыргызстанды бирге куралы.

Кыргызстандын жаштарын дагы бир жолу Жаштар күнү менен куттуктайм!", - деп айтылат министрдин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий