• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Каракол шаарында милициянын жаӊы участкалык пункту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Каракол шаарында милициянын жаӊы участкалык пункту ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров, Каракол шаардык кеӊешинин төрагасы Туратбек Акимканов, шаардын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков, ошондой эле шаардык милициянын жетекчилери жана өздүк курамы катышты.

Курулуп бүткөн милициянын участкалык пункту бардык тийиштүү шарттар менен жабдылган. Бул имарат шаардын борбордук базарында жайгашып, шаардын меймандарын жана калкын тейлейт.

Ачылыш аземинде сөз алган Каракол шаардык кеӊешинин төрагасы Туратбек Акимканов коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин чечүүдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жаңы сапатын талап кылаарын белгиледи.

Өз сөзүндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров белгилегендей, калктын ыңгайлуулугу жана ар кандай мүнөздөгү кырсыктарга өз убагында чара көрүү, юридикалык жардам көрсөтүү жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле облустун аймагында милиция кызматкерлери менен калктын тыгыз өз ара аракеттенүүсү үчүн милициянын участкалык пункттары этап-этабы менен орнотулууда.

Пикир

Оставить комментарий