• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. 1-апрелден 3-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тоолу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий